Биз менен байланышыңыз

Нарында «Ийгиликке кадам» медиафоруму башталды

Кыска кабар | 8 Сен 2021 | 307 | 0

Бүгүн, 8-сентябрда Нарын шаарында «Ийгиликке кадам» II республикалык медиафоруму башталды.

Иш-чарага 70ке жакын журналист жана медиа-эксперт катышууда.

Белгилүү кыргыз жана чет өлкөлүк медиа адистер социалдык тармактар жана медиа, медиадагы тил маселеси, гендердик маселелерди жана майыптардын жагдайын туура чагылдыруу, юридикалык жана санариптик коопсуздук, COVID-19 пандемиясы учурундагы медианын каражат булактары жана каржылоонун моделдери, шайлоону чагылдыруу сыяктуу бир катар актуалдуу темалар талкууланып, баяндамалар жасалат.

Нарындагы медиа иш-чаранын өткөрүлүшүнө IFEX, USAID, IFES, ЕККУнун Бишкектеги Программалык офиси, Жарандык коомдун Прагадагы борбору жана Kyrgyz Concept сыяктуу эл аралык уюмдар жана кыргызстандык жеке компаниялар көмөк көрсөтүүдө.

«Марал» радиосу аталган иш-чаранын медиа-өнөктөшү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM