Биз менен байланышыңыз

Президент футбол көргөнү стадионго барды

Кыска кабар , Спорт | 7 Сен 2021 | 608 | 0

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Бангладеш курамаларынын ортосундагы футболдук беттешке күйөрмандык кылууда.Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Учурда Бишкекте Кыргызстандын футбол курамасы Үч улуттун кубогу мелдешинин алкагында Бангладеш менен беттеш өткөрүүдө.

Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, саат 20:30да башталды.

Үч улуттун кубогу мелдешине Кыргызстан, Палестина жана Бангладештин курамалары катышууда.

Буга чейин 2-сентябрда Кыргызстан Палестина менен ойноп, аларды 1:0 эсебинде жеңген. Ошондой эле 5-сентябрда Палестина менен Бангладеш беттеш өткөрүп, анда Палестина атаандаштарын утуп чыккан (2:0).

Аталган мелдеш Кыргызстандын курамасынын 2023-жылы өтө турган Азия Кубогунун тандоо оюндарына даярдык көрүү максатында өткөрүлүүдө.

Белгилей кетсек, Азия Кубогу 2023-жылы Кытайда 16-июндан 16-июлга чейин болуп өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM