Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда калктын саны 35 миллиондон ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Сен 2021 | 680 | 0

Өзбекстандын калкынын саны 35 миллиондон ашты. Бул тууралуу өлкөнүн Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Алардын ичинен 17 млн 570 миңи эркектер болсо, 17 млн 430 миңин аялдар түзөт.

Жалпы калктын жарымынан көбү шаарларда, ал эми 17 млн 200 миңден ашык киши айылдарда жашайт.

Белгилей кетсек, Борбор Азия мамлекеттеринин арасында калктын саны боюнча Өзбекстан биринчи орунда турат. Казакстанда 19 млн, Тажикстанда – 9,5 млн, Кыргызстанда – 6,6 млн жана Түркмөнстанда 6,1 млн адам жашайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM