Биз менен байланышыңыз

Пакистандыктардан түшкөн пайда

Коом | 7 Сен 2021 | 1090 | 0

Кыргызстанда пакистандык жарандардын көбөйүп кеткенине депутаттар да тынчсызданды. 

Кыргызстанда Пакистандан келген жарандар эмнеге көбөйүп кетти? Азыр ушул суроону көпчүлүк эле интернет колдонуучулар берип, алардын ээн-эркин жүрүшкөнүнө тынсызданган фото, видеоматериалдарды социалдык тармактарга жарыялап жатышат.

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 7-сентябрдагы жыйынында COVID-19 пандемиясы учурундагы «Манас» эл аралык аэропортунун ишмердиги жөнүндө маалымат угулду. Отурумдун жүрүшүндө депутаттар пакистандыктар тууралуу маселе көтөрдү.

«Аэропортто адам көп, анын басымдуусу пакистандыктар жана индустар экен. Бакты аралап жүрөт, чемоданын көтөрүп жүрөт, бүт эле чет өлкөлүктөр. Көлдө, пансионаттардын баарында, көчөлөрдө 4-5тен ээрчишип жүрөт. Аларды көрүп, «каякка келип калганбыз?» деген да ой келет. Бизде чет жактан келген канча адам бар, жооп бергилечи. Туура, чет жактан жарандар келсин, бул туризмдин өнүгүшүнө салым болот. Бирок биз коопсуздук жагын карашыбыз керек да. Азыр Кыргызстанда жүргөндөрдүн арасында балким оогандыктар же террористтер бардыр, анын баарын так билебизби? Ооганстандагы окуялардан кийин ушундай коркунуч болуп жатпайбы», — деди депутат Бейшеналы Нурдинов.

Пакистандык жүргүнчүлөрдүн баары туристтик виза алган. Быйыл 1-январдан 31-августка чейин 9 миң 917 виза берилген. Соңку учурда Пакистандын Исламабад, Лахор жана Сиалкот шаарларынан 65 чартердик каттам менен 12 миңден ашуун жүргүнчү келген.

Мамлекеттик Чек ара кызматынын чек араны көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын башчысы Нурлан Жалбиев өлкөгө кирген пакистандыктар тууралуу буларды айтты:

— Июль айынын аягы, августтан баштап Кыргызстанда пакистандык жарандардын саны көбөйгөнү туура. Бирок 1-сентбярдан тарта алар кайра чыгып кете баштады. Мисалы, 1-5-сентябрда өлкөгө 532 пакистандык кирген, ошол эле учурда 1596 жаран чыгып кеткен. Биз алардын Кыргызстанга кирип жаткан себептерин текшеребиз, алардын баары туристтик визанын негизинде мыйзамдуу кирген. Чек ара кызматынын ыкчам ишмердик топтору сурамжылоо жүргүзгөндө, пакистандыктардын көбү Кыргызстанга туристтик максатта жана эки жума, бир айга жакын убакытта болуу үчүн келгенин айтышат. Алардын визасынын мөөнөтү аяктап жатат, ошондуктан жакында чыгып кетишет.

Депутат Рыскелди Момбеков пакистандыктардын Кыргызстанга келүүсүнүн себеби башка экенин, өлкөдөн кайра чыгып кетүүсүнө кепилдик жоктугун айтып, тынчсызданды.

Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаевдин айтымында, Пакистандан келген жарандар Араб өлкөлөрүнө учуп кетүү үчүн виза алышкан.

 Биз 9 миң 917 адамга туристтик виза берилгенин айттык. Андан тышкары, студенттик виза алгандары да бар. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, Кыргызстанга келген Пакистандын жарандарынын баарынын Араб өлкөлөрүндө жумушчу визасы бар. Алардын негизги максаты – ошол жакка учуп кетүү. Бизге турист катары гана анткетасын толтуруп, бир жолку виза алып жатышат.

Айбек Артыкбаевдин маалыматына караганда, Пакистандан келген жарандардын ар бири электрондук визага 51 доллардан төлөйт. Андан сырткары «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы 65 каттамды тейлөөдөн 200 миң доллардай пайда тапкан. «Манас» эл аралык аэропортуна 550 миң доллар акча түшкөн.

Депутат Нурбек Тотонов туристтерден түшүп жаткан кирешени эске алып, алардан чочулабай эле коюуга чакырды.

 Пакистандын экономикасы Кыргызстанга караганда кыйла жакшы. Ал өлкөнүн жарандарын бул жакка байласаң да калбайт, бир ай жүрүп кайра кетишет. Мына, канча киреше түшүп жатканын айтып жатышат, бул системаны ишкерлер, компания ээлери иштеп чыккан да. Биз аларды чектебешибиз керек. Же бизге жалаң Европа, Япониядан туристтер келсин деп чектеп коелубу? Туристтерди тарткыла деп талап коюп, кайра чектеген туура эмес.

Коомчулуктун Пакистандан келген жарандардан чочулап жатканы Ооганстандагы акыркы окуяларга байланыштуу. Аларды оогандыктарга окшоштуруп жатышат.

Тышкы иштер министрлиги болсо сентябрдан тарта бул өлкөнүн жарандарына виза берүүгө убактылуу чектөө киргизди.

Медиаэксперт Илим Карыпбеков социалдык тармактагы баракчасына видео жайгаштырып, Кыргызстанга келген пакистандыктарга жасалган терс мамилени сындады. Аны бул шилтеме менен көрүңүз.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев депутаттын суроосуна жооп берип жатып, Кыргызстанда жүргөн пакистандыктар тарабынан эч кандай мыйзам бузуу катталбаганын айтты. Ошондой эле алар коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнүн маалымдады.

Copyright © 2017 Maral FM