Connect with us

Бекешев президенттин уулу саясатка кийлигишип жатканын билдирди

Кыска кабар | 7 Сен 2021 | 1031 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президенттин уулу Рустам Жапаров саясатка кийлигишип жатканын айтып чыкты. Бул тууралуу ал Telegramˈдагы каналында билдирди.

Бекешев учурда талапкер боло турган адамдар шайлоо алдында жолугуп, сүйлөшүү жүргүзүп жатканын, ушундай эле жолугушууларды президенттин уулу да өткөрүп жатканын айтты.

«Ал жакшы бала. Бирок атасына терс таасирин тийгизип алышы мүмкүн. Антсе өкүндүрө турган иш болот. Себеби мурда эки президент мындай иш менен алектенген нерселер болгон. Президент уулун тыйып коёт деп үмүттөнөм. Ал нерсе өлкөбүзгө, анын үй-бүлөсүнө да жакшы нерсе алып келбейт. Бул маселе баары бир көтөрүлөт», — деди ал.

Эскерте кетсек, мурдагы президенттердин ичинен Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин уул-кыздары саясатка аралашып, көп иштерге кийлигишип келгени элдин нааразычылыгын жаратып, катуу сынга алынган. Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбековдор президент болуп турган мезгилде алардын балдары саясатка аралашып жатат деген сөздөр болгон эмес.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM