Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандын аскерлери Ооганстанга чектеш аймакта машыгуу өткөрүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Сен 2021 | 556 | 0

Өзбекстандын Түштүк-Батыш атайын аскер аймагынын абадан кол салуудан коргонуу бөлүмдөрү Ооганстанга чектеш Сурхан-Дарыя облусунда машыгып жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди.

«Термез» полигонунда өтүп жаткан машыгуулардын максаты аскерлердин тажрыйбасын арттыруу, күжүрмөн даярдыкты күчөтүү болуп саналат. Ошондой эле Ооганстандагы акыркы кырдаалга да байланышы бар.

Белгилей кетсек, август айынын ортосунда Өзбекстандын абадан кол салуудан коргонуу күчтөрү өлкө аймагына учуп өткөн Ооганстандын аскер учагын атып түшүргөн. Учкучтар учактан чыгып кетүүгө үлгүргөн. Андан кийин ал учкучтар Термездеги ооруканада дарыланып чыгышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM