Биз менен байланышыңыз

БШК шайлоо округдардын чектерин аныктады

Кыска кабар | 7 Сен 2021 | 360 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого карата бир мандаттуу округдардын чектерин аныктады.

БШК шайлоо аймактарын аныктоодо калктын санына карап, 100 миң адам (+/- 20%) жашаган жерди өзүнчө округ катары бөлгөн.

Маселен, 428,5 миңден ашык шайлоочу бар Бишкекте 4 шайлоо аймагы, Ош облусунда (Ош шаары менен бирге) – 9 (898,5 миң шайлоочу), Баткенде – 3 (305 миң), Жалал-Абадда – 7 (686,3 миң), Таласта  — 2 (163,1 миң), Чүйдө – 6 (609,7 миң), Нарында – 2 (209,1 миң), Ысык-Көлдө (316,5 миң) – 3 шайлоо округу болот.

Учурда Кыргызстанда 3 млн 617 миңден ашык жаран шайлоочулардын тизмесине кирген.

Жаңы Конституцияга ылайык парламентте 90 депутат болот. Жаңы жазылган мыйзам боюнча Жогорку Кеңешке 54 депутат партиялык тизме менен, 36 эл өкүлү бир мандаттуу аймактан шайланып келет.

Шайлоо округдарынын бөлүштүрүлүшү

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM