Биз менен байланышыңыз

8-сентябрда Нарында II «Ийгиликке кадам» медиафоруму башталат

Кыска кабар | 7 Сен 2021 | 622 | 0

Эртең, 8-сентябрда Нарын шаарында «Ийгиликке кадам» II республикалык медиафорум өз ишин баштайт.

Кыргыз тилдүү журналисттер үчүн уюштурулуп жаткан 2 күндүк форумда аймактык медианын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу сөз болот.

Белгилүү кыргыз жана чет өлкөлүк медиа адистер социалдык тармактар жана медиа, медиадагы тил маселеси, гендердик маселелерди жана майыптардын жагдайын туура чагылдыруу, юридикалык жана санариптик коопсуздук, COVID-19 пандемиясы учурундагы медианын каражат булактары жана каржылоонун моделдери, шайлоону чагылдыруу маселелери сыяктуу темалар боюнча өз ойлору менен бөлүшүп, талкуулар уюштурулат.

Форумдун жүрүшү, анда көтөрүлгөн маселелер, талкуулар тууралуу кенен маалыматтарды «Кабар» улуттук маалымат агенттиги, «ПолитКлиника Медиа», Prevention Media сайттары жана «Марал» радиосунан алса болот. Аталган медиалар Нарындагы форумдун маалыматтык өнөктөштөрү болуп саналат.

Ошондой эле медиафорумдун жүрүшүн 8-9-сентябрда «Журналисттер» коомдук бирикмесинин Фейсбуктагы баракчасындагы түз эфирден көрсө болот.

«Ийгиликке кадам» II медиафорумуна республикабыздын булуң-бурчунан 70ке жакын кыргыз тилдүү журналист жана медиа адис катышары болжолдонууда.

Нарындагы медиа иш-чаранын өткөрүлүшүнө IFEX, USAID, IFES, ЕККУнун Бишкектеги Программалык офиси, Жарандык коомдун Прагадагы борбору жана Kyrgyz Concept сыяктуу эл аралык уюмдар жана кыргызстандык жеке компаниялар көмөк көрсөтүп жатат.

Эскерте кетсек, «Ийгиликке кадам» медиафоруму – кыргыз тилдүү журналисттердин маселелерин талкуулоо жана алардын адистигин жогорулатуу максатындагы республикалык иш-чара болуп эсептелет. Аны өткөрүү демилгеси «Журналисттер» коомдук бирикмесине таандык. Медиафорум ар эки жылда бир жолу өткөрүлүп турат. I медиафорум 2019-жылы Ош шаарында өткөрүлүп, ал өлкөбүздүн ийгиликүү медиаларынын иш-тажрыйбасы менен бөлүшүүгө арналган болчу.

Иш-чара тууралуу кененирээк маалыматты форумдун сайтынан таба аласыздар — http://kadam.hostenko.net.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM