Биз менен байланышыңыз

ЖК комитетинде пакистандык жарандар тууралуу маселе көтөрүлдү

Кыска кабар | 7 Сен 2021 | 630 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 7-сентябрдагы жыйынында Пакистандан келген жарандар Бишкекте эмне себептен жүргөнү тууралуу маселе көтөрүлдү.

Депутат Алтынбек Кемелов алардын келген себебин, максатын тактап, мамлекеттин коопсуздугуна көңүл бурууга чакырды.

«Талибанды» азыр баарыбыз көрүп жатабыз, биздин мамлекетибизге, жарандарыбызга коркунуч жаралабашы керек, ошол себептен профилактикалык иштерди жасоо керек», — деди депутат.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев депутаттын суроосуна жооп берип жатып, ал жарандардын Кыргызстанда жүргөнү боюнча эч кандай мыйзам бузуу аракеттери катталбаганын айтты. Ошондой эле алар коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнүн билдирди.

Депутат Рыскелди Момбеков да Кыргызстанда пакистандык жарандардын көбөйүп жатканына тынчсызданды. Ал Тышкы иштер министрлигине таянып, июль-август айларында 7 жарым миң туристтик виза берилгенин кабарлады.

Чек ара кызматынын өкүлү 1-январдан 31-августка чейин 9 миң 917 виза берилгенин айтып, 1-сентябрдан баштап виза берүү токтотулганын кошумчалады. 

Эл өкүлү Бейшеналы Нурдинов бул жарандардын Кыргызстанда эмне себептен көбөйүп кеткени тууралуу расмий маалыматтарды берүүнү өтүндү.

Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев электрондук виза берерден мурун чет элдиктер УКМКнын текшерүүсүнөн өтөрүн айтты. УКМК 5 күн текшерет, андан кийин виза берүү же бербөө чечими чыгат.

Быйыл 1-январдан 1-сентябрга чейин Пакистандын 9917 жаранына виза берилген. Алар 30 күнгө бир жолку туристтик виза алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM