Биз менен байланышыңыз

Жаңы коргоо министри менен Чек ара кызматынын башчысы генерал наамын алышты

Кыска кабар | 7 Сен 2021 | 843 | 0

Президент Садыр Жапаров жогорку аскердик наамдарды ыйгаруу жөнүндө жарлыктарга кол койду.

Президенттин жарлыктарына ылайык, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов менен мурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиев генерал-лейтенант чинин алды.

Ал эми азыркы коргоо министри Бакытбек Бекболотов менен УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары – Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеевге генерал-майор чини берилди.

Copyright © 2017 Maral FM