Биз менен байланышыңыз

Бактыбек Бекболотов коргоо министри болуп дайындалды

Кыска кабар | 6 Сен 2021 | 598 | 0

Бактыбек Бекболотов коргоо министри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Бактыбек Бекболотовдун полковник деген наамы бар. Буга чейин ал Улуттук гвардиянын штабынын башчысы, Панфилов дивизиясынын командири болгон.

Министр болгонго чейин Бекболотов «Бишкек машина куруу заводунун» башкармалыгын төрагасы болуп келген.

Белгилей кетсек, буга чейин коргоо министри кызматын Таалайбек Өмүралиев ээлеп келген. Ал башка ишке которулганына байланыштуу кызматтан алынган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM