Биз менен байланышыңыз

Путин менен Лукашенко 9-сентябрда Москвада жолугушат

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Сен 2021 | 467 | 0

Орусия президенти Владимир Путин менен Беларусь президенти Александр Лукашенко 9-сентябрда Москвада жолугушат.

Анда эки өлкө өкмөттөрү даярдаган программалар, эл аралык маселелер жана мамлекеттердин мамилеси талкууланат.

Жолугушуудан кийин эки президент биргелешкен маалымат жыйын өткөрөт.

Бул кездешүү Лукашенко менен Путиндин 2021-жылдагы бешинчи жолугушуусу болот. Алардын биринчи жолугушуусу 22-февралда Сочиде, андан кийин 22-апрелде Москвада, 28-майда кайра Сочиде жана 13-июлда Санкт-Петербургда болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM