Connect with us

Жапаров Кыргызстандын муфтийи Замир кары Ракиевди кабыл алды

Кыска кабар | 6 Сен 2021 | 763 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-сентябрда муфтий Замир кары Ракиевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (КМДБ) учурдагы иши, акыркы убактарда болуп жаткан коркунучтарга каршы туруу, элдин биримдигин чыңдоо маселелери талкууланды.

«Ислам дини толеранттуулукка, сабырдуулукка, айкөлдүккө чакырат. Бул багытта Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын ролу өтө чоң. Мына ушул жаатта башка жамааттардын башын бириктирип, аалымдар жана казылар менен бирге иш алып баруу зарыл», — деди өлкө башчы.

Ошондой эле ал диний билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, жогорку билимдүү кадрларды даярдоо, Кыргызстан Ислам университетинин базасын бекемдөө зарыл экенин айтты.

Ал учурда БАЭнин «Шейх Заед бин Султан Аль Нахаян» фондусунун колдоосу менен Токмок шаарында Ислам академиясын ачуу иши быйыл колго алынып жатканын да эске салды.

«Туура эмес диний чечмелөөгө жол берилбеши үчүн идеологиялык коопсуздукту күчөтүү керек. Кылымдардан бери бабаларыбыз карманып келген салттуу ханафий мазхабы элибиздин үрп-адатына каршы болгон эмес. Буга байланыштуу менин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» биринчи жарлыгым чыккан. Азыр ушул жарлыктын негизинде концепция иштелип чыкты», — деди Жапаров.

Жапаров Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өлкөдө диндер жана улуттар аралык тынчтыкты сактоодо ролу чоң экенин белгиледи.

Өз кезегинде муфтий Замир кары Ракиев президенттин диний билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча айткан пикирин колдоп, сабатсыз адамдардын айынан карапайым калк Исламда болбогон же бурмаланган идеяларды үйрөнүп алып жатканын айткан.

Анын айтымында, учурда республикада 100дөн ашык диний билим берүү мекемеси иштейт.

Copyright © 2017 Maral FM