Биз менен байланышыңыз

Депутаттар аудиторлордун саны канча болушу керектигин чече албай жатат

Кыска кабар | 6 Сен 2021 | 443 | 0

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Эсептөө палатасынын аудиторлорунун саны канча болушу керектигин талкуулап жатат.

Комитеттин 6-сентябрдагы жыйынында депутаттар тобу тарабынан демилгеленген «Эсептөө палатасы жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууга киргизилди.

Мыйзам боюнча аудиторлордун саны алтоо болушу керектиги көрсөтүлгөн. Депутат Сайдулла Нышанов аудиторлордун санын 12ге чыгарууну сунуштады.

«Мыйзам долбоору биринчи окууда талкууланып жатканда Эсептөө палатасынын аудиторлорунун саны 12 болсун деп сунуштагам. Сунуштарга добуш берүү кезек-кезеги менен, тагыраагы, меники биринчи коюлушу керек. Биздин иштөө мөөнөтүбүз бүтүп жатат, 100 депутат жыйындарга келбейт, 20сы келиши мүмкүн. Ошондуктан биз тарых үчүн туура маселелерди коюп кетели. Аудиторбу, бийликтин бардык бутактарын бөлүшкөн жерлерде ачыктык болсо коррупция азаят. Аудиторлордун санын бирге түшүрүп койсок да болот, бирок маселе анда эмес», — деди депутат.

Башка эл өкүлдөрү аудиторлордун санын 12ге көбөйтүүгө каршы болушту жана бир пикирге келише элек.

Эсептөө палатасы — мамлекеттик аудиттин көз карандысыз жогорку органы. Төрагасы президент тарабынан Жогорку Кеңештин макулдугу менен 5 жылдык мөөнөткө дайындалат.

Эсептөө палатасынын аудиторлорунун жарымын президент дайындаса, жарым курамын Жогорку Кеңеш 5 жылдык мөөнөткө дайындайт.

Учурда Эсептөө палатасы тогуз аудитордон турат.

Copyright © 2017 Maral FM