Биз менен байланышыңыз

Бишкекте бир аптада 45 мас айдоочу кармалды

Кыска кабар | 6 Сен 2021 | 336 | 0

Бишкекте 27-августтан 2-сентябрга чейин 4 миң 395 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты. Анын ичинен:

— мас абалында автоунаа башкарган — 45 айдоочу;

— автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо боюнча — 7;

— айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу — 41;

— жасалма мамлекеттик номер менен автоунаа башкаруу — 1;

башка жол эрежелерин бузуулар — 4261.

Ар кандай эреже бузган 327 автоунаа айып короо жайына токтотулду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM