Биз менен байланышыңыз

«Шамбала» тасмасы Орусиядагы кинофестивалда эки сыйлык алды

Кыска кабар | 6 Сен 2021 | 587 | 0

«Шамбала» тасмасы Орусиядагы «Будем жить» кинофестивалында эки сыйлык алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Кинофестиваль 27-августтан 3-сентябрга чейин Москвада болуп өттү.

«Шамбала» тасмасына кинофестивалдын президентинин сыйлыгы жана Акжол Бекболотов менен Мурату Алиевге «мыкты операторлук иш» сыйлыгы берилген.

Эскерте кетсек, Артыкпай Сүйүндүков режиссёрлук кылган «Шамбала» тасмасы Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде тартылган. Буга чейин бул тасма эл аралык кинофестивалдарда бир нече сыйлыктарды алган.

Copyright © 2017 Maral FM