Connect with us

КМШ оюндары: Кыргызстан 5-орунда келе жатат

Кыска кабар , Спорт | 5 Сен 2021 | 1054 | 0

Татарстандын борбору Казань шаарында (Орусия) өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн I оюндарында медалдар боюнча Кыргызстан 5-орунда келе жатат.

Учурда Кыргызстандын куржунунда 1 алтын, 4 күмүш жана 12 коло (жалпы 17) медаль бар. Алардын 14үн күрөш боюнча балбандар, үчөөнү бокстан мушкерлер алды.

Кыргызстандан КМШ өлкөлөрүнүн оюндарына 163 спортчу катышат. Алар спорттун 13 түрү боюнча күчүн сынайт.

Учурда КМШ өлкөлөрүнүн оюндарында Орусиянын спортчулары алдыда келе жатат. Алар жалпы 34 медаль (21 алтын, 6 күмүш жана 7 коло) алышты. Андан кийинки орундарда Азербайжан, Беларусь жана Казакстан турат.

Бул мелдешке жалпы 9 мамлекеттин – Казакстан, Тажикстан, Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстан, Армения, Молдова, Беларусь жана Орусиянын спортчулары катышууда.

Мелдешке 14-23 жаштагы спортчулар катышып, алар спорттун 16 түрү боюнча таймашат: күрөш, бокс, дзюдо, бадминтон, ок атуу ж.б. Анда 182 топтом медаль ойнотулат. 4-сентябрда башталган оюндар 11-сентябрда жыйынтыкталат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM