Биз менен байланышыңыз

50 миңден ашуун доллар уурдаган төрт жигит колго түштү

Кыска кабар | 4 Сен 2021 | 632 | 0

Бишкек шаарында төрт жигит ири өлчөмдөгү акча уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ушул жылдын август айында Октябрь райондук ИИБнин криминалдык милиция кызматына Бишкек шаарында эки адамдын уурулук жасап жүргөнү боюнча маалымат түшкөн. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 2-августтан 3-августка караган түнү Бишкек шаарынын Көк-Жар конушундагы үйлөрдүн биринен 50 миң 600 долларды ушул жарандар уурдаганы аныкталган.

Бул факт Октябрь РИИБи тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш кодексинин 200-беренеси (уурулук) менен катталып, иликтөө иштери башталган.

Октябрь райондук милициясы жүргүзгөн ыкчам издөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү төрт жигит: 1998-жылы туулган Э.А., 1999-жылы туулган К.Б., 1999-жылы туулган С.Б., 2003-жылы туулган С.Б. колго түшкөн.

Кылмышка шектүүлөр Бишкек шаардык ИИББнин убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда алардын башка да иштерге катышы бар же жогу боюнча тергөө-иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM