Биз менен байланышыңыз

Жаңы Зеландиянын дүкөндөрү бычактарды ачык сатууну токтотту

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Сен 2021 | 628 | 0

Жаңы Зеландиянын Countdown дүкөндөр тармагы бычак, кайчы жана ушул сыяктуу буюмдарды текчелерден алдырып, ачык сатууну токтотту. Бул тууралуу аталган дүкөндөр тармагынын коопсуздук кызматынын башчысы Кири Ханнифин айтканын Stuff маалымат булагы жазды.

Белгилей кетсек, кечээ, 3-сентябрда Жаңы Зеландиянын Окленд шаарындагы соода борбордун бирине кирген жанкечти текчеде сатыкта турган бычакты ала коюп, кардарларга, сатуучуларга кол салган. Жети адам жараланып, алардын бешөө ооруканага түшкөн. Үчөөнүн абалы өтө оор экенин өлкөнүн премьер-министри Жасинда Ардерн маалымат жыйында билдирген.

Жерине барган полиция кызматкерлери кылмышкерди атып өлтүрүшкөн. Ал 10 жыл мурун Жаңы Зеландияга көчүп келген Шри-Ланканын жараны экени белгилүү болгон.

Жогорудагыдай эле бычакты ачык жерге койбоо чечимин Жаңы Зеландиянын башка соода борборлору, тамактануу жайлары да кабыл алганы кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM