Биз менен байланышыңыз

Опера-балет театрында «Ак Мөөр» спектакли коюлат

Кыска кабар | 4 Сен 2021 | 341 | 0

Эртең, 5-сентябрда А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында «Ак Мөөр» опера-дастаны коюлат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Спектакль саат 17:00дө башталат. Билеттерди 100 сомдон 450 сомго чейин театрдын кассасынан же ticket.kg сайтынан алууга болот.

Эки көшөгөлүү опера-дастан спектаклдин либреттосун Кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов, ал эми музыкасын Кыргыз эл артисти Жумакадыр Каниметов жазган. Бул жолку коюлумдун режиссёру Искендер Сартбаев, сүрөтчү-жасалгалоочусу Маратбек Шарафидинов, балетмейстери Тилек Кийизбаев, хормейстери КР эмгек сиңирген артисти Карагул Тиленчиев болмокчу.

Спектаклде Ак Мөөрдүн ролун Айзирек Момунова, Болоттун ролун Жоломан Үсөн уулу, Жантай хандын ролун КР эмгек сиңирген артисти Кайымбек Кускаков ойнойт.

Белгилей кетсек, спектакль Эгемендиктин 30 жылдыгына карата өткөрүлө турган маданий иш-чаралар программасына кирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM