Connect with us

COVID-19: Ооруканаларда 900дөн ашык адам дарыланууда

Кыска кабар | 4 Сен 2021 | 881 | 0

Кыргызстанда 4-сентябрга карата 154 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинде:

Бишкек шаарында – 63,

Ош шаарында – 1,

Чүй облусунда – 22,

Талас облусунда – 7,

Нарын облусунда – 5,

Ысык-Көл облусунда – 42,

Жалал-Абад облусунда – 7,

Баткен облусу боюнча  7 учур катталды.

Өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 176 миң 347ге жетти.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 5 бейтап каза болду. Жалпы өлүм учурлары 2 миң 546.

Ал эми 135 адам илдеттен сакайып, ооруну жеңгендердин саны 170 миң 396га жетти.

Ооруканаларда 918 бейтап, өз алдынча 1 миң 35 адам дарыланууда.

Copyright © 2017 Maral FM