Биз менен байланышыңыз

Паралимпиада: Эртең Арыстанбек Базаркулов чоюн ыргытуу боюнча мелдешке чыгат

Кыска кабар , Спорт | 3 Сен 2021 | 609 | 0

Эртең, 4-сентябрда Токиодо өтүп жаткан Паралимпиада оюндарында кыргызстандык спортчу Арыстанбек Базаркулов чоюн ыргытуу боюнча мелдешке чыгат.

Жарыш Бишкек убактысы боюнча саат 06:35те башталат.

Арыстанбек Базаркулов буга чейин 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Паралимпиада оюндарына катышкан. Анда ал чоюн ыргытууда 9-орунду алган.

Эскерте кетсек, Токиодо өтүп жаткан Паралимпиада оюндарына Кыргызстандан пара-жеңил атлетика боюнча (чоюн ыргытуу) Арыстанбек Базаркулов жана азиз спортчулар арасында пара-дзюдо боюнча 57 килограмм салмакта Хайитхон Хусан кызы лицензия алган.

28-августта Хайитхон Хусан кызы таймашка чыгып, казакстандык Даяна Федосовага жеңилип калган.

Токиодогу Паралимпиада оюндары 24-августта башталган. Ал 5-сентябрда аяктайт.

Быйылкы Паралимпиада оюндарынын программасына тхэквондо менен бадминтон да кошулуп, жалпысынан спорттун 22 түрү кирген. Бул оюндарга 162 улуттук команда, анын ичинде качкындар курамасы катышууда. Токиодогу Паралимпиадада 4 миң 400 спортчу күчүн сынайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM