Биз менен байланышыңыз

Жапаров жакын арада Бириккен Араб Эмираттарына расмий сапар менен барат

Кыска кабар | 3 Сен 2021 | 580 | 0

Президент Садыр Жапаров жакын арада Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) расмий сапар менен барат.

Бүгүн, 3-сентябрда Жапаров энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Мохаммед Аль Мазруи башында турган БАЭнин делегациясын кабыл алган.

Жолугушууда эки өлкөнүн алакасы, инвестициялык долбоорлор талкууланган. Сухейл Мохаммед Аль Мазруи Бириккен Араб Эмираттары Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар экенин айткан.

Белгилүү болгондой Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Заид Аль Нахаян Кыргызстанга келет.

Ошондой эле жакын арада Жапаров Абу-Дабиге расмий сапар менен барары пландалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM