Биз менен байланышыңыз

Индия менен Пакистандын жарандарына туристтик виза берүү убактылуу токтотулду

Кыска кабар | 3 Сен 2021 | 496 | 0

Тышкы иштер министрлиги бир катар мамлекеттин жарандарына туристтик виза берүү убактылуу токтотулганы боюнча түшүндүрмө берди.

Министрликтен белгилешкендей, Пакистан, Индия жана башка өлкөлөрдүн жарандарынын Кыргызстанга келишин тартипке салуу максатында мамлекеттик органдар атайын алгоритм иштеп чыккан. Бул иштер тартип жана коопсуздук маселелерин эске алуу менен аткарылат.

Алгоритмге ылайык, чет элдик жаранды Кыргызстанда чакырган тараптын жоопкерчилиги каралган.

Буга байланыштуу Кыргызстандын визасын алууга арыз калтыруу жол-жобосуна өзгөртүү киргизүү үчүн «Электрондук виза» порталында техникалык иштер аткарылып жатат:

— порталдагы туристтик виза алуу үчүн өз алдынча арыз калтыруу кызматы убактылуу токтотулган;

— ишкердик визасын алуу шарттарындай эле айрым мамлекеттин жарандарын кабыл алып жаткан уюмдун атынан чакыруу эрежеси киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM