Биз менен байланышыңыз

«Коопсуз шаар-2». Дагы 30дан ашык кесилишке камералар коюлду

Кыска кабар | 1 Сен 2021 | 719 | 0

«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабынын алкагында дагы 34 кесилишке камера коюла турган түркүк орнотулду. Мисалы, Бишкек шаарындагы 16 жол кесилишинде, Ош шаарында – 11, Токмокто – 6, Кант шаарында 1, Жалал-Абадда – трубаларды монтаждоо иштери аяктады.

Ар бир түркүктө 3төн камера болот, камералар жол эрежелеринин бузулушун каттайт, унаалардын агымын сүрөткө тартат жана жолдогу кыймылга көзөмөл кылат. Мындан тышкары элдин агымын, адамдын жүзүн аныктай турган камералар да коюлат.

Учурда «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабы штаттык режимде иштеп жатат. Анын алкагында 110 аппараттык-программалык комлекс орнотулган. Бишкекте 42, Чүйдөгү унаа жолдордо 48 жана 20 көчмө аппараттык-программалык комплекс иштөөдө.

Долбоордун экинчи этабы өлкөнүн бардык облустарын, Бишкек, Ош шаарын, облустук деңгээлдеги 15 шаарды, 73 калктуу пунктту камтыйт. Экинчи этапты 2022-жылы март айында ишке аяктоо пландалган. Жыйынтыгында 306 кесилишке камера коюлат.

Copyright © 2017 Maral FM