Биз менен байланышыңыз

Авазбек Абдугапаров парламентте ант берип, кызматына киришти

Кыска кабар | 1 Сен 2021 | 349 | 0

Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Авазбек Абдугапаров депутаттык ишине киришип жатып ант берди.

Ал «Республика — Ата Журт» фракциясынан Умбеталы Кыдыралиевдин ордуна келди.

Эске салсак, Умбеталы Кыдыралиев 10-августта «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун башкармалыгына төрага болуп дайындалган.

Мындан улам Борбордук шайлоо комиссиясы 20-августта бошогон депутаттык орунга Авазбек Абдугапаровду дайындоо жөнүндө токтом кабыл алып, мандаттык күбөлүк жана төш белги тапшырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM