Кыргызстандын Эгемендигинин 30 жылдыгына карата бир нече маданият ишмери «Кыргыз Республикасынын эл артисти» наамын алышты. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Президенттин жарлыгы менен орус драма театрынын коюучу-режиссеру Нурлан Абдыкадыров, обончу-композитор Эсенбек Мааданбеков, композитор Исрадин Аманбаев, жыгач ооз комуз чебери Шакен Жоробеков, театр ишмерлери Бактыбек Ыбыкеев, Нурканбек Турсунбаев, Бермет Өмүрова, Сайрабүбү Мырсалиева, Валентина Гилка, Валентина Анникова, эстрада ырчылары Динара Акулова, Айчүрөк Иманалиева, Бек Борбиев жана Расул Маматкуловго «Кыргыз Республикасынын эл артисти» наамы ыйгарылды.