Биз менен байланышыңыз

Көк бөрү: Биринчи лигада «Көк-Жал» командасы биринчи орунду алды

Кыска кабар | 31 Авг 2021 | 245 | 0

Бүгүн, 31-августта Чолпон-Атадага ат майданында көк бөрү боюнча Президенттин кубогу мелдешинде биринчи орун үчүн оюндар өтүүдө.

Биринчи лигада «Көк-Жал» менен «Мурас» командалары ойноп, «Көк-Жалдын» улакчылары атаандаштарын 3:0 эсебинде жеңип алды.

Эми келерки көк бөрү боюнча мелдеште «Көк-Жал» командасы жогорку лигада ойнойт. Себеби эреже боюнча биринчи лигада биринчи орун алган команда жогорку лигага өтөт. Ал эми жогорку лигада акыркы орунду ээлеген команда биринчи лигага түшөт.

Белгилей кетсек, алдыда эл аралык лигада Өзбекстандын командасы менен Кыргызстандын «Жети-Өгүз» командасы жана жогорку лигада «Сары-Өзөн» менен «Ынтымак» командасы биринчи орун үчүн беттешет.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM