Connect with us

АКШнын мамлекеттик катчысы кыргызстандыктарды Эгемендик күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 31 Авг 2021 | 229 | 0

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен кыргызстандыктарды 31-август – Эгемендик күнү менен куттуктады.

Ал кыргызстандыктарды АКШ өкмөтүнүн жана Америка элинин атынан Эгемендик күнүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, өз каалоо-тилектерин узаткан.

«Биз акыркы отуз жыл ичинде Кыргызстан менен жетишкен өнөктөштүгүбүз менен сыймыктанабыз жана алдыдагы жылдары ортодогу алакабыз артарына үмүттөнөбүз. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы тыгыз кызматташтык элдерибизге гана пайда алып келбестен, климаттын өзгөрүшү жана эл аралык уюшкан кылмыштуулук сыяктуу жалпы глобалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн чогуу иштөөгө мүмкүндүк берет. АКШ COVID-19 менен күрөшүүдө Кыргызстан менен бирге болуп, бул багытта 5 млн доллардан ашык жардам көрсөттү. Мындан тышкары, биз Кыргызстандын эгемендүүлүгүн, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн колдойбуз», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM