Биз менен байланышыңыз

Айдоочунун өлүмүнө шектелген инспекторлор 19-сентябрга чейин камалды

Кыска кабар | 31 Авг 2021 | 352 | 0

Бишкекте айдоочунун өлүмүнө шектелип кармалган Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Маалыматка ылаййык, Бишкекте милициянын кайгуул кызматынын инспекторунун тапанчасынан ок тийип каза болгон Чыңгыз Абдыраевдин өлүмүнө байланыштуу Патрулдук милиция бөлүмүнүн үч кызматкери кармалган.

Кармалгандар өзгөчө оор кылмыш жасап, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө жана ошондой эле аларга карата ушул жылдын 19-сентябрына чейинки мөөнөткө УКМКнын тергөө камак жайына кармоо менен эркиндигинен ажыратуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалды.

Эске салсак, 27 -августтун кечинде милициянын кайгуул кызматынын инспектору жол эрежесин бузган айдоочуга ок чыгарган. Натыйжада ок жүрөгүнө тийип 32 жаштагы жаран каза болгон. Окуя саат 21:00 чамасында Имам Сарахси атындагы мечиттин жанында болгон.

Кырсык болгон жерге Тез жардам кызматы келип, бирок айдоочунун өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

Аталган кылмыш ишти кароону УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өз көзөмөлүнө алган.

Copyright © 2017 Maral FM