Биз менен байланышыңыз

«Улуттар биримдиги» менен «Ишеним» партиялары парламенттик шайлоого катышат

Кыска кабар | 31 Авг 2021 | 426 | 0

Кечээ, 30-августта «Улуттар биримдиги» менен «Ишеним» саясий партияларынан 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышуу тууралуу билдирүү келип түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

«Улуттар биримдиги» шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып Руслан Болотбековду, ал эми каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Камиля Сыдыкованы дайындаган.

Ал эми «Ишенимдин» шайлоодогу өкүлү Асель Рысбаева, каржы маселеси боюнча өкүлү Эльвира Турдакунова болот.

Эскерте кетсек, 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоо жаңы Конституция жана шайлоо мыйзамына ылайык өткөрүлөт. Жаңы келе турган парламентте 90 депутат болот. Алардын 54ү партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланып келет.

Партиялар шайлоого катышуу тууралуу билдирүүсүн БШКга 3-сентябрь саат 18:00гө чейин бериши керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM