Биз менен байланышыңыз

ЖККУнун башкы катчысы Кыргызстанда үч күндүк иш сапары менен болот

Кыска кабар | 31 Авг 2021 | 237 | 0

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Зась Кыргызстанда үч күндүк иш сапары менен болот. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Ал Кыргызстанга бүгүн, 31-августта келип, өлкөдө 2-сентябрга чейин болот.

Иш сапардын алкагында ал өлкө башчысы жана коргоо министри менен жолугушат. Анда Станислав Зась 15-16-сентябрда Душанбеде өтө турган ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин отуруму, Тышкы иштер министрлер кеңешинин, Коргоо министрлеринин кеңешинин жана Коопсуздук кеңеш катчыларынын комитетинин биргелешкен жыйынына карата даярдыктарды талкуулап, ЖККУ аймагындагы кырдаал тууралуу маалымат берет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM