Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы жеке менчик мектептер жана андагы окуу акысы

Блог | 30 Авг 2021 | 5649 | 0

«Билимдүүгө дүйнө жарык» демекчи, ата-энелердин көбү балдарын жакшы мектептерде окутуп, билимдүү болушун каалашат. Кыргызстанда мамлекеттик мектептер менен бирге жеке мектептердин саны да арбын. Ал жактан балдарын окутуу ар бир ата-эненин чөнтөгүнө туура келе бербейт. Ошол эле учурда билим да «арзан» турбаганын унутпаш керек. Биз Кыргызстандагы айрым жеке мектептер тууралуу маалымат берип кетүүнү туура көрдүк.

«Приоритет»

Мектепте 0-11-класстагы балдар окутулат. Бир класста окуучулардын саны 20га жетет. Балдар мектепте эртең менеки саат 08:00дөн кечки 18:00гө чейин болушат. Аларга үч маал тамак берилет.

Сабактар орус тилинде жүргүзүлөт. Окуу акысы айына 18,5 мин сомду түзөт.

«Абитуриент»

Балдар 1-класстан 11-класска чейин окуй алышат. Окуу акысы 1-4-класстар үчүн 20 миң сом жана 5-11-класстар үчун 20-25 миң сомду түзөт. Бир класста 16ге чейин бала окуйт.

Сабактар саат 08:30дан кечки 17:00гө чейин болот. Окуучуларга үч маал тамак берилет. Окуу орус тилинде жүргүзүлөт.

«Билимкана»

«Билимкана» мектептер тармагына Кыргызстанда 14 мектеп карайт. Мектепте 0-11-класстар бар. Бул жакта билим алуу үчүн жылына 3-5 мин доллар төлөөгө туура келет.

Класста 24кө чейин бала окуйт. Сабактар саат 08:00дөн кечки 17:00гө чейин болот. Башкалардай эле балдарга үч маал тамак берилет. Окуу орус тилинде, айрым сабактар англис тилинде өтүлөт.

«Газпром» мектеби

Мектепте балдар 1-класстан 11-класска чейин окуй алат. Окуу акысы айына 23 миң сомду түзөт: 8 жана 11-класстын окуучулары 10 ай, калган класстагылар окуу акысын 9 ай үчүн төлөйт.

Класста балдардын саны 30га чейин жетет. Сабактар саат 08:00дөн кечки 17:30га чейин болот. Үч маал тамак берилет. Окуу орус тилинде жүргүзүлөт. «Газпром» мектеби 2019-жылдан тарта иштей баштаган.

«Маариф» мектептери

Туркиялык «Маариф» фондунун мектептери быйыл ишин баштап жатат. Окууга 6-17 жаштагы балдар кабыл алынууда. Окутуу эки – жергиликтүү жана эл аралык программа боюнча жүргүзүлөт.

Жергиликтүү билим берүү программасы боюнча окуу акысы 3 мин долларды түзөт. Ага үч маал тамак, мектеп формасы кирип, китептер акысыз берилет. Сабактар кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзулүп, түрк жана англия тилдери үйрөтүлөт.

Эл аралык программа боюнча окуу акысы – 6 мин доллар. Ага да үч маал тамак, мектеп формасы кирет. Эл аралык программа боюнча окуу акысын бөлүп же бир төлөсө болот.

Ага Хан мектеби

Ага Хан мектеби Ош шаарында 2002-жылдын бери иштеп келет. Мектептин сайтындагы маалымат боюнча 5-7-класстын окуучулары үчүн окуу акысы айына дээрлик 9 миң жана жана 8-11-класстар үчүн 9,5 миң сомго жетет. Окуу орус жана англис тилдеринде жүргүзүлөт.

«Сапат» лицейлери

«Сапат» билим берүү мекемелерине 16 лицей, 1 университет, 2 эл аралык мектеп жана 4 башталгыч мектеп карайт. Ал Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жатат. 2017-жылы ал азыркы «Сапат» деген атын алган, ага чейин «Себат» деп аталып келген. Учурда анын 30% үлүшү мамлекетке таандык.

Сабактар орус жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлөт. Окуу акысы лицейде жатып окуусу менен 3,9 миң долларды түзөт. Окуучуларга үч маал тамак берилет.

Аталган ар бир мектепте окуучулар үчүн кошумча ийримдер, англис тилинен тышкары башка да чет тилдер үйрөтүлөт, кайсы бир сабакка басым жасап окуткан класстар бар. Балдардын окуудагы ийгиликтерине жараша жеңилдиктер каралган. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM