Биз менен байланышыңыз

Чүй облусунун башчысы Олимпиадада байге алган спортчуларга 100 миң сомдон тапшырды

Кыска кабар | 30 Авг 2021 | 454 | 0

Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Эркин Тентишев Токиодогу Олимпиада оюнгдарында байге алган спортчуларга 100 миң сомдон тапшырды.

Белгилей кетсек, Токиодогу Олимпиадада Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбекова күмүш жана Айпери Жуманазарова коло байге уткан.

Акчалай сыйлыктар спортчуларга Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогуна арналган иш-чаранын жүрүшүндө тапшырылды.

Белгилей кетсек, бүгүн, 30-августта Кант шаарындагы «Абдыш-Ата» стадионунда президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогу өткөрүлдү. Анда кол күрөш, футбол, волейбол, аркан тартыш боюнча мелдештер уюштурулду. Мелдешти өткөрүүгө облус башчысы Эркин Тентишевдин жеке каражаттарынан 5 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM