Connect with us

Жапаров менен Эрдоган телефон аркылуу сүйлөштү

Кыска кабар | 30 Авг 2021 | 420 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Президенттер саясий, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Эрдоган Садыр Жапаровду Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын 30 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Ал эки тарап үчүн кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча биргелешип кызматташууга даяр экенин билдирди.

Жапаров Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана өлкөлөр ортосундагы мамилелерди бекемдөөгө кошкон салымын жогору баалай турганын айткан.

Ал Режеп Тайип Эрдоганга Кыргызстандын Көз карандысыздык күнү менен куттуктагандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Түркия элин 30-августта белгиленүүчү Жеңиш күнү менен куттуктады.

Ошондой эле Жапаров эртең, 31-августта Анкара шаарында Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата ачыла турган Айкөл Манастын эстелиги үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Президенттин айтымында, бул окуя Кыргызстан үчүн символикалык мааниге ээ.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар учурунда Баткен облусунда жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүү тууралуу да сөз болду. Анда Түркия үйлөрдү калыбына келтирүүгө жардам көрсөткөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM