Connect with us

Жапаров Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанды ЕАЭБде көргүсү келет

Кыска кабар | 30 Авг 2021 | 550 | 0

Президент Садыр Жапаров Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанды Евразиялык экономикалык биримдиктин курамында көргүсү келет. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-августта Көз карандысыздыктын 30 жылдыгына карата чет өлкө элчилери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдирди

Ал кошуна мамлекеттер менен саясий, соода-экономикалык жана маданий байланышты өнүктүрүү, интеграцияны бекемдөө өлкө үчүн негизги арьыкчылыктуу багыт экенин белгиледи.

«2015-жылы Кыргызстан Орусия, Казакстан, Беларусь жана Армения кирген Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мүчөсү болду. Бул соода-экономикалык мамилелерде, ошондой эле өнөр жай өндүрүшүн жана айыл чарбаны көтөрүүдө оң жыйынтыктарга алып келип, кыргыз ишкерлери үчүн Евразия экономикалык биримдигинин шартында иштөө мүмкүнчүлүктөрүн түздү.

Эмгек мигранттарынын жумушка орношуу жол-жоболорунун жана социалдык шарттарынын жеңилдеши менен Орусиянын, Казакстандын жана ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнүн эмгек рыногунда кыргыз жарандарынын шарттарынын жакшырышы – Кыргызстан үчүн талашсыз артыкчылыктардын бири», — деди ал.

Аны менен бирге Жапаров регион боюнча жакын өнөктөштөр — Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанды аталган уюмга мүчө катары көргүсү келгенин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM