Биз менен байланышыңыз

Жапаров чет өлкө элчилери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту

Кыска кабар | 30 Авг 2021 | 366 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта Көз карандысыздыктын 30 жылдыгына карата дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Кыргызстандагы чет мамлекеттердин элчиликтеринин жана эл аралык уюмдардын 50дөн ашуун жетекчиси катышты.

Жолугушууда президент өлкө көз карандысыздык алган мезгил, эгемендик алгандан бери башынан өткөргөн сыноолор тууралуу сөз кылды.

«Ошол оор шарттарда Кыргызстан коомдогу пикир келишпестиктерди жеңе алды: туруктуулукту, эл аралык ынтымакты, биримдикти жана толеранттуулукту камсыздоого жетишти. Ошондой эле жарандык коому активдүү, адилеттүүлүк үчүн, татыктуу жашоо укугу үчүн күрөшкөн өлкө жана эркиндикти сүйгөн эл деген имиджди сактап кала алды», — деди ал.

Ал бүгүнкү күнү Кыргызстан 165 мамлекет менен дипломатиялык мамилелерди түзгөнүн, 124 эл аралык уюмга мүчө экенин айтып, алар менен ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүп жатканын белгиледи.

«Кыргызстан Бириккен улуттар уюмунун уставында бекитилген эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана ченемдерин, анын ичинде мамлекеттердин суверендүү теңчилиги, ички иштерге кийлигишпөө, аймактык бүтүндүктү урматтоо жана эл аралык талаштарды, чыр-чатактарды саясий-дипломатиялык ыкмалар аркылуу тынчтык жолу менен чечүү принциптерин бекем карманат», — деди Жапаров.

Жапаров Кыргызстан көз карандысыздыгын, эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн, ошондой эле улуттук кызыкчылыктарын коргоого багытталган ачык, тең салмактуу тышкы саясатын жүргүзүүнү улантарын айтып өттү.

«Эгемендүүлүктүн алгачкы күндөрүнөн тарта коңшу өлкөлөр менен чек ара маселелерин чечүү артыкчылыктуу багыт болгондугун баса белгилеп кетүү маанилүү деп эсептейм. Бул региондо коопсуздуктун жана туруктуулуктун жалпы мейкиндигин түзүүнүн ишенимдүү пайдубалы болуп калууга тийиш.

Биз 1996 жана 1999-жылдагы келишимдер аркылуу улуу кошунабыз Кытай Эл Республикасы менен, ошондой эле 2001-жылдагы келишим аркылуу боордош Казакстан менен мамлекеттик чек арабызды укуктук жактан тактап алганбыз.

Учурда Тажикстан жана Өзбекстан менен чек ара маселеси чечиле элек жана алар боюнча сүйлөшүүлөр улантылууда.

Мен Өзбекстан менен чек ара маселелерин тактоо жигердүү жана өз ара түшүнүшүү духунда бара жатканын баса белгилегим келет.

Ошондой эле Тажикстан менен сүйлөшүүлөр активдешип, мамлекеттик чек аранын жалпы узундугунун 50 пайыздан ашык жери боюнча макулдашылды. Тажикстан менен чек ара маселесинин жыйынтыгын чыгарыш үчүн кыргыз-тажик өкмөттөрү саясий чечим кабыл алып, бири-бирин сыйлоо жана урматтоо принцибинин негизинде сүйлөшүүлөрдү улантышыбыз зарыл», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM