Биз менен байланышыңыз

Көк бөрү: Жогорку лигада «Ала-Тоо» командасы «Достукту» жеңди

Кыска кабар , Спорт | 30 Авг 2021 | 395 | 0

Бүгүн, 30-августта көк бөрү боюнча Президенттин Кубогу мелдешинде жогорку жана биринчи лигадагы командалардын үчүнчү орун үчүн оюну болуп өттү.

Жогорку лигада «Достук» менен «Ала-Тоо» командалары күч сынашты. Бул оюнда «Ала-Тоо» атаандашын 4:2 эсебинде жеңип, үчүнчү орунду алды.

Ошондой эле биринчи лигада үчүнчү орун үчүн «Соң-Көл» жана «Ат-Башы» ойноп, «Соң-Көл» 1:0 эсебинде жеңишке жетти.

Эртең, 31-августта биринчи лигада «Мурас» жана «Көк-Жал» командасы, эл аралык лигада Өзбекстандын курамасы менен Кыргызстандын «Жети-Өгүз» командасы, жогорку лигада «Сары-Өзөн» менен «Ынтымак» командасы биринчи орун үчүн беттешет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM