Биз менен байланышыңыз

«Шамбала» тасмасы Канададагы кинофестивалга катышат

Кыска кабар | 29 Авг 2021 | 439 | 0

«Шамбала» тасмасы Канададагы Human-Environment Care Film Festival (HECFF) кинофестивалына катышат. Бул тууралуу «Кыргызфильм» киностудиясынан билдиришти.

«Шамбала» кинофестивалдын негизги сынактык бөлүгүнө тандалып алынган. Ал Онтарио провинциясында өтөт.

Эскерте кетсек, Артыкпай Сүйүндүков режиссёрлук кылган «Шамбала» тасмасы Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде тартылган. Буга чейин эл аралык фестивалдарда бир нече сыйлыктарды алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM