Connect with us

Эгемендикке 30 жыл: «Манас ордодо» 80 боз үй тигилди

Кыска кабар | 29 Авг 2021 | 476 | 0

Талас облусундагы «Манас ордо» улуттук комплексинде эгемендиктин 30 жылдыгына арналган «Урааным Манас» иш-чарасы өтүүдө. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Анын алкагында 50гө жакын кол өнөрчү өздөрүнүн эмгектерин көргөзмөгө чыгарды. Кол өнөрчүлөр өз өнөрүн жаш муундарга үйрөтүү максатында мастер-класс өткөрүлдү.

Иш-чараны көрүүгө келген коноктор жана эл үчүн 80 боз үй тигилип, этношаарча уюштурулду.

«Урааным Манас» аталышындагы негизги маданий иш-чара кечки саат 20:00дө башталат. Ага президент Садыр Жапаров катышат.

Бул иш-чара майрамдык концерт менен коштолуп, соңунда салют атылат. Ал КТРК, республикалык жана облустук телеканалдарда жана социалдык тармактар аркылуу түз көрсөтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM