Connect with us

Жанар Акаев шайлоо алдындагы сүйлөшүүлөр боюнча түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 29 Авг 2021 | 493 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев фейсбукка чыккан бир нече саясатчынын бирге түшкөн сүрөтү жана парламенттик шайлоо алдындагы сүйлөшүүлөр боюнча түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, социалдык тармактарда тарап «саясатчылар бүгүн жолугуп, шайлоого бирге барууну сүйлөштү» деп талкууга алынып жаткан сүрөт бир ай мурда турталган.

«Бишкекте жаратман ишкерлерибиздин эмгегин көрүп, баарлашып кайткандагы бул сүрөт бир айча мурун тартылган. Бүгүн партиялар сүйлөшүүгө чогулушуптур деген маалымат туура эмес. Жалпысынан, сүйлөшүүлөр күн сайын эле жүрүп жатат. Сүрөттө турган инсандардын көпчүлүгү пикирлештер, санаалаштар. Биз дайыма ар кандай иш-чараларда тез-тез көрүшүп турабыз. Албетте, сүйлөшүүлөр аяктап, курам аныкталган соң, бир саясий күчкө чогулган күнү сөзсүз расмий маалымат берилет», — деди ал.

Эскертке кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленди. Ал жаңы Конституция жана шайлоо мыйзамына ылайык өткөрүлөт. Жаңы келе турган парламентте 90 депутат болот. Алардын 54ү партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланып келет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM