Connect with us

Жапаров «Манас Ордодогу» Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган иш-чарага катышат

Кыска кабар | 29 Авг 2021 | 710 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта Талас облусуна бир күндүк иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында ал чакан гидроэлектр станциясынын курулушуна капсула салат.

Андан тышкары президент бүгүн саат 20:20да «Манас Ордо» улуттук комплексинде өтө турган «Урааным Манас!» аталышындагы театрлаштырылган иш-чарага катышат.

Бул иш-чара Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналып өткөрүлүүдө. Ал КТРК, республикалык жана облустук телеканалдарда жана социалдык тармактар аркылуу түз көрсөтүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM