Биз менен байланышыңыз

Айдоочунун өлүмү: дагы 3 инспектор кармалды

Кыска кабар | 29 Авг 2021 | 928 | 0

Бишкекте милициянын кайгуул кызматынын инспекторунун тапанчасынан ок тийип каза болгон Чыңгыз Абдыраевдин өлүмүнө байланыштуу Бишкек ШИИБдин Патрулдук милиция бөлүмүнүн үч кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, Патрулдук милиция бөлүмүнүн полкунун рота командиринин орун басары А.Н., полктун 2-ротасынын 3-взводунун Б.Э. жана Б.А. аттуу эки кенже инспектору колго түшүрүлүп, УКМКнын тергөө камагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

«Кармалгандар өзгөчө оор кылмышты жашырып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 27 -августтун кечинде милициянын кайгуул кызматынын инспектору жол эрежесин бузган айдоочуга ок чыгарган. Натыйжада ок жүрөгүнө тийип 32 жаштагы киши каза болгон. Окуя саат 21:00 чамасында Имам Сарахси атындагы мечиттин жанында болгон.

Кырсык болгон жерге Тез жардам кызматы келип, бирок айдоочунун өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

Аталган факт боюнча КР Жазык кодексинин 321-беренесине («Бийликтен аша чаап колдонуу») ылайык кылмыш иши козголуп, шектүү катары кенже инспектор Д.Ж. УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Белгилей кетсек, аталган кылмыш ишти кароого УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өз көзөмөлүнө алды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM