Биз менен байланышыңыз

Көк бөрү: «Сары-Өзөн» менен «Ынтымак» Жогорку лиганын финалында беттешет

Кыска кабар , Спорт | 28 Авг 2021 | 600 | 0

Көк бөрү боюнча Президенттин Кубогу мелдешинде Жогорку лиганын финалында «Ынтымак» менен «Сары-Өзөн» командалары ойнойт.

Бүгүн, 28-августта Жогорку лигадагы командалардын тайпадагы акыркы беттештери өтүп, финалда ойной турган командалар аныкталды.

Алгач А тайпасында «Достук» менен «Сары-Өзөн» командалары ойноду. Бул оюнда «Сары-Өзөн» атаандаштарын 4:1 эсебинде жеңип алды. Өз тайпасында биринчи орун алгандыктан алар Кубок үчүн күч сынашат.

Кийинки оюн В тайпасында «Ынтымак» менен «Жаш-Күч» командаларынын ортосунда өтмөк. Бирок «Жаш-Күчтүн» аттары жаракат алганына байланыштуу оюнга чыккан жок. Андыктан жеңиш «Ынтымакка» ыйгарылып, алар финалга өттү. Буга чейин «Ынтымактын» бир жеңиши болгон.

Жогорку лигадагы үчүнчү орун үчүн «Достук» менен «Ала-Тоо» ойнойт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM