Connect with us

Жалал-Абад: Токтогул районунда жол кырсыктан эки адам каза тапты

Кыска кабар | 28 Авг 2021 | 385 | 0

Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан эки адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кырсык Бишкек-Ош унаа жолунун 280-чакырымы — Токтогул районундагы Жаңы-Жол айылы тилкесинде болгон. Оор жүк ташыган «VOLVO» унаасы менен «Honda Stepwgn» унаасы кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 2 жигит каза таап, 6 киши ар кандай жаракат алган.

Жерине барган ӨКМдин Токтогул райондук бөлүмүнүн 5 куткаруучусу каза тапкандарды райондук моргго жеткиришкен. Ал эми жабыркаган жарандарды «Тез жардам» кызматы алып кеткен.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM