Биз менен байланышыңыз

Казакстанда 29-август аза күтүү күнү деп жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Авг 2021 | 1209 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 29-августту Жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады. Бул тууралуу ал Твиттердеги баракчасына жазды.

«Жамбыл облусунун Байзак районундагы адам өлүмү менен коштолгон кайгылуу окуяга байланыштуу 29-августту Жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялайм. Каза болгон аскер кызматкерлери менен куткаруучулар чыныгы баатырлыкты, нагыз жан аябастыкты көрсөттү. Баатырларыбыздын ысымы эл эсинде түбөлүк сакталат», — деп жазды Токаев.

Эске салсак, 26-август саат 19:00 чамасында Казакстандын Жамбыл облусундагы аскердик кампадан өрт чыгып, жарылуу болгон. Кырсыктын кесепетинен 13 адам каза таап, 98 адам ар кандай жаракат алган. Ошондой эле 3 адам дайынсыз жоголгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM