Биз менен байланышыңыз

Криштиану Роналду «Манчестер Юнайтедге» өттү

Кыска кабар , Спорт | 28 Авг 2021 | 589 | 0

«Манчестер Юнайтед» туриндик «Ювентус» менен португалиялык футболчу Криштиану Роналдуну өткөрүп берүү боюнча макулдашты. Бул тууралуу англис клубунун расмий сайтына жарыяланды.

Маалым болгондой, Роналду «Манчестер Юнайтедге» виза алып, медициналык кароодон өтүп жана клуб менен жеке келишим түзүү иштери аяктагандан кийин кайтып келет.

36 жаштагы чабуулчунун трансфер суммасы 24 миллион стерлинг фунтту түзөт.

Буга чейин «Ювентустун» башкы машыктыруучусу Массимилиано Аллегри Роналду италиялык футбол клубунан кетерин айткан. Роналду команданын базасына барып, оюнчулар менен коштошкон.

Ошондой эле буга чейин Роналду карьерасын «Манчестер Ситиде» улантат деп айтылган, бирок Англиянын учурдагы чемпиондору күтүүсүздөн бул трансферден баш тартышкан.

Белгилей кетсек, Роналду 2003-2009 — жылдары «Манчестер Юнайтедде» ойноп, команда үчүн 292 оюн өткөрүп, 118 гол киргизген. «Красные дьяволы» менен бирге португалиялык чабуулчу үч жолу Англия чемпиондугун уткан (2007, 2008, 2009), ошондой эле 2008 — жылы Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM