Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Жамбыл облусундагы жарылуудан каза тапкандардын саны 13кө жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Авг 2021 | 1524 | 0

Жамбыл облусундагы жарылуудан каза тапкандардын саны 13 адамга жетти. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Эске салсак, 26-август саат 19:00 чамасында Казакстандын Жамбыл облусундагы аскердик кампадан өрт чыгып, жарылуу болгон. Алгачкы маалыматта 4 аскер кызматкери каза таап, 66 адам ар кандай жаракат алганы, бир нече адам дайынсыз болуп жатканы айтылган. Кийинчерээк жарылуу болгон жерлерди тазалоо учурунда дагы 5 адамдын сөөгү чыкканы кабарланган.

27-август кечинде үч адамдын сөөгү казылып алынган. Ал эми бүгүн, 28-август саат 11:30га алынган маалымат боюнча, аталган жайдан каза тапкан дагы бир адам табылган. Муну менен көз жумгандардын саны 13кө жетип, 98 адам ар кандай жаракат алганы белгилүү болду. Ошондой эле үч адамдын дареги чыкпай жатканы айтылды.

Аталган окуя боюнча Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев чукул жыйын өткөрүп, кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча мекемелер аралык комиссия түзүү тапшырмасын берген. Ал эми Башкы прокуратура менен Ички иштер министрлигине окуяны тыкыр иликтөөнү буйруган.

Аталган окуя боюнча Казакстандын Кылмыш кодексинин 462-беренеси («курал-жаракты жана кооптуу заттарды кармоо эрежелерин бузуу») менен иш козголгон. Учурда тергөө-иликтөө иштери жүрүп жатканы маалымдалды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM