Биз менен байланышыңыз

Олимпиада: Хайитхон Хусан кызы казакстандык балбанга жеңилип калды

Кыска кабар , Спорт | 28 Авг 2021 | 477 | 0

Бүгүн, 28-августта Токиодо өтүп жаткан Паралимпиада оюндарында кыргызстандык дзюдочу (57 кг) Хайитхон Хусан кызы таймашка чыгып жеңилип калды.

Беттештин 1/8 финалында ал казакстандык спортчу Диана Федосова менен күрөшүп, 0:11 эсебинде жеңишти алдырып жиберди.

Эскерте кетсек, Токиодогу Паралимпиада оюндарына Кыргызстандан эки спортчу лицензия алган. Дагы бир спортчу Арыстанбек Базаркулов 4-сентябрда чоюн ыргытуу боюнча күчүн сынайт.

Токиодогу Паралимпиада оюндары 24-августта башталган. Ал 5-сентябрда аяктайт.

Быйылкы Паралимпиада оюндарынын программасына тхэквондо менен бадминтон да кошулуп, жалпысынан спорттун 22 түрү кирген. Бул оюндарга 162 улуттук команда, анын ичинде качкындар курамасы катышууда. Токиодогу Паралимпиадада 4 миң 400 спортчу күчүн сынайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM