Биз менен байланышыңыз

Паралимпиада: Эртең кыргызстандык дзюдочу Хайитхон Хусан кызы күрөшөт

Кыска кабар , Спорт | 27 Авг 2021 | 560 | 0

Эртең, 28-августта Токиодо өтүп жаткан Паралимпиада оюндарында кыргызстандык дзюдочу (57 кг) Хайитхон Хусан кызы таймашка чыгат.

Биринчи беттешинде ал казакстандык Даяна Федосова менен күрөшөт. Кармаштар Бишкек убактысы боюнча саат 07:30да башталат.

Эскерте кетсек, Токиодогу Паралимпиада оюндарына Кыргызстандан эки спортчу лицензия алган. Дагы бир спортчу Арыстанбек Базаркулов 4-сентябрда чоюн ыргытуу боюнча күчүн сынайт.

Токиодогу Паралимпиада оюндары 24-августта башталган. Ал 5-сентябрда аяктайт.

Быйылкы Паралимпиада оюндарынын программасына тхэквондо менен бадминтон да кошулуп, жалпысынан спорттун 22 түрү кирген. Бул оюндарга 162 улуттук команда, анын ичинде качкындар курамасы катышууда. Токиодогу Паралимпиадада 4 миң 400 спортчу күчүн сынайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM